Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Казакстандан күйүүчү майды мыйзамсыз ташыган автобус айдоочулары кармалды (видео)
17.10.2024 | 10:46
Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен күйүүчү май ташыган үч автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочулар автобустарга кошумча бак орнотуп, күйүүчү майды мыйзамсыз ташып баратышкан. Алар Чүйдөгү “Чалдыбар” көзөмөл-өткөрмө бекетинен кармалган.
Кошумча бак орноткондугу үчүн айдоочуларга 16,5 миң сомдон айыппул салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом