Казакстандан мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 302,2 миң жумуртка артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору текшерүү учурунда тооктун жумурткасынын маркировкасы жок экендигин жана аны ташып келүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгын аныктаган. Жыйынтыгында жүк артка кайтарылган.