Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Казакстандык куудул Турсынбек Кабатов жаңы кызматка дайындалды
10.01.2023 | 09:15
Казакстандык куудул Турсынбек Кабатов жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу “Хабар агенттиги” АК башкармалыгынын төрагасы Берик Уали Facebook’тагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, Кабатов “Хабар агенттиги” АКынын креативдүү продюсери кызматына дайындалган.
“Турсынбек Амангалиулы жаңы кызматында кызыктуу долбоорлорду иштеп чыгуу жана координациялоо менен алектенет. Кесиптешибизге ийгиликтерди каалайбыз”, – деп жазган ал.

Эскерте кетсек, Турсынбек Кабатов Казакстанда гана эмес, Кыргызстанда да таанымал куудул. Мурда КВНде ойногон. Ал куйкум тамашалары белгилүү. Казакстандагы телеканалдарда азил-тамаша боюнча бир нече долбоорду алып барат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар