Кыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикириКыргызстанда кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү көздөлүүдөЧүй облусундагы мектеп-интернатта балдардын укуктарынын бузулушу аныкталдыЫсык-Көлгө 800 миң карп-сазан балыгынын чабагы коё берилди
Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт
10.01.2023 | 09:00
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында 21-22-январь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Чемпионат улуттук курама командаларды түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында күрөштү жайылтуу максатында өткөрүлөт.
Мелдеш UWW эл аралык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өтөт.
Спортчулар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 кг салмак категорияларында күч сынашат.
Мелдештин программасы:
Башталышы: 21-январь, саат 11:00;
Ачылыш аземи: 21 январь саат 17:00.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт