Кемин районунан табылган ак илбирс табигый жашоо чөйрөсүнө ийгиликтүү кайтарылды
Чүй облусунун калктуу конуштарынын биринен табылган ак илбирс «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жапайы жаратылышка кое берилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирет.

Табигый жашоо чөйрөсүнө кайтарылганга чейин жырткыч комплекстүү ветеринардык жана биологиялык текшерүүдөн өттү. Адистердин маалыматы боюнча, жаныбардын ден соолугунун абалы туруктуу деп бааланууда. Эркек илбирстин жашы 3–4тө, салмагы — 42,7 кг, денесинин жалпы узундугу — 2 метрге жакын.
Калктуу конуштан алып чыгылгандан кийин илбирс убактылуу Сайлуу-Терек жайлоосундагы Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) филиалынын жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборунда кармалып турган. Жаныбардын жапайы шарттарда жашоого даярдыгы тастыкталгандан кийин, аны жаратылыш паркынын корголуучу аймагына кое берүү чечими кабыл алынды.
Эске салсак, 2025-жылдын 29-декабрында Кемин районунун Боролдой айылында ак илбирс байкалып, ал турак үйлөргө жакын жердеги бакка чыгып алган. Министрликтин адистери жана егерлер Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жырткычты коопсуз түшүрүү жана ташуу боюнча операцияны ыкчам жүргүзүшкөн.