27-мартка карата аба ырайыИшкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалууда
Кемин районунда ак илбирс байкалды
30.12.2025 | 18:00
Кемин районунун Боролдой айылында Кызыл китепке кирген ак илбирстин пайда болгону катталды. Окуя 29-декабрда саат 23:20 чамасында болгон.
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, жырткыч калктуу конушка түшүп келип, бакка чыгып кеткен. Жерине ыкчам түрдө «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын егери Ж. Чокоев жана мергенчи У. Абыканов барышкан. Адистер зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүп, жаныбарды жерге аман-эсен, коопсуз түшүрүүнү камсыздашты.
Ак илбирс — Кыргызстандын мамлекеттик символу. Анын калктуу конуштарга жакын жерде пайда болуу фактысы өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо программасынын алкагында тармактык кызматтардын көзөмөлүндө турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом