Баткенде кытайлык ишкана күн электр станциясын куратӨКМ эскертет: Өлкө аймагында табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлүүдөБишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайттыАйыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү
Кемин шаарында төрөт үйүнүн курулушу башталды
27.11.2025 | 16:42
Чүйдүн Кемин шаарында 50 орундуу заманбап төрөт үйүнүн курулушу башталды. Бүгүн, 27-ноябрда, өткөн капсула салуу аземине бул курулушту демилгелеген УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев катышты.
Атайын кызматтын маалыматында, Камчыбек Ташиевдин көзөмөлү астында өлкөдө социалдык муктаждыктарды камсыздоо, жаш муундарга билим берүү үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын арасында Чүй облусундагы мектептер менен бала бакчалардын, социалдык объектилердин, төрөт үйлөрдүн курулушу өзгөчө орунда турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар

