Кемин районунда өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кемин шаарынын Шевченко көчөсүндө жайгашкан №23 эки кабаттуу турак үйдүн чатырында 1981-жылы туулган К.Ж. аттуу эркек киши өз өмүрүн кыйууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, жаранды ИИМ кызматкерлери менен биргеликете жерге түшүрүшүп, туугандарына өткөрүп беришкен.