Өлкөдө бир күндө 3 адам сууга чөгүп кетти, биринин сөөгү табылды

Өлкөдө бир күндө 3 адам сууга чөгүп кетти, биринин сөөгү табылды

Кыргызстандын аймагында бир күндө 3 киши сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 14-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунун Карал-Дөбө айыл аймагынын Чоң-Байсоро суусуна 1980-жылы туулган А.Г. аттуу аял киши чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан аялдын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Ал эми Ош облусунун Кара-Суу районунун Правда айылыдагы Кемпир-Абад суу сактагычына 1995-жылы туулган Т.Р. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 12 куткаруучу  тартылып, саат 21:20да кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 14-июнь күнү кайрадан улантылат.

Ошондой эле, Свердлов районунда Чоң Чүй каналынын жанында 1985-жылы туулган  И.Е аттуу аял кишинин кийимдери жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, саат 19:26да кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Издөө иштери 14-июнь күнү улантылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>