Кеминде жылына 15 миң тоок этин өндүргөн ишкана ачылды

27.10.2025 | 10:00

Чүй облусунун Кемин шаарында бройлер тоокторун багууга жана тоок этин өндүрүүгө багытталган «Агро Куш» заманбап канаттуулар чарбасы ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышып, мезгил капсуласын салды.

Ишкана инкубация, тоют өндүрүү, бройлер өстүрүү, тоок союу, этин кайра иштетүү жана даяр продукцияны таркатуу сыяктуу толук өндүрүш циклин ишке ашырат. Ошондой эле ишканада 600дөн ашык жумушчу иштейт, алардын басымдуу бөлүгү жакынкы калктуу конуштардын тургундары.

“Комплекс ишке берилгенден кийин компаниянын жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу 29% га көбөйүп, жылына болжол менен 15 миң тонна тоок этине жетет. Бул 10 миллиондон ашык бройлер тоокко барабар. Ал эми комбикорм өндүрүшүнүн көлөмү 28 миң тоннадан 115 миң тоннага чейин өсөт”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top