Казакстанда Коргоо министрлигин текшерүүдөн кийин 13 кылмыш иши козголдуКыргызстанда монополисттерди инженердик тармактарга кошуудан баш тартууну негиздөөгө милдеттендирүү сунушталуудаMoody’s Кыргызстанды кредиттик рейтингин B2ге чейин жогорулаттыЖаан, тоолордо кар жана катуу шамал: 6-октябрга карата аба ырайы«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталды
Кыргызстанда келерки жылы жол иштерине 484 жаңы техника алынат
27.10.2025 | 10:09

Кийинки, 2026-жылы өлкө боюнча жол оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 484 атайын техника сатып алынат. Бул тууралуу министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктоо учурунда билдирди.
Анын айтымында, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин техникалык базасын чыңдоо жана ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында акыркы жылдары Жол фондунун эсебинен 750дөн ашык атайын техника алынган.
Өкмөт башчысы жаңы техникалар жол инфраструктурасын жакшыртууга жана тейлөө сапатын арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.