КФБ жана Стамбул биржасы алтын соодасын өнүктүрүү боюнча кызматташат

Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) менен Стамбул биржасы баалуу металлдар рыногун жана алтын соодасын өнүктүрүү боюнча кызматташат. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз фондулук биржасы 21–23-октябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Дүйнөлүк биржалар федерациясынын 64-башкы ассамблеясына катышкан. Дүйнөдөгү ири биржалардын жетекчилерин бириктирген иш-чара Стамбул биржасы тарабынан уюштурулган. Ага 90дан ашык өлкөдөн келген 250дөй өкүл катышкан.
Кыргызстандан ассамблеяга Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) директорлор кеңешинин төрагасы Талантбек Омуралиев жана президентинин милдетин аткаруучу Аида Чодулова катышкан.
Бул сапардын алкагында, КФБнын өкүлдөрү Стамбул биржасынын вице-президенти Гүзхан Гүлай жана эл аралык байланыштар жана бизнес өнүктүрүү боюнча директору Махмут Айдогмуш менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланган. Айрыкча, Стамбул биржасы КФБнын капиталына болгон катышуу үлүшүн көбөйткөнү белгиленип, бул эки өлкөнүн каржы институттарынын ортосундагы ишенимдин жана стратегиялык өнөктөштүктүн артканын көрсөтөрү айтылган.
Ошондой эле тараптар баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, алтын соодасын жандандыруу боюнча кызматташуу маселелерин жана бул багытта биргелешкен «жол картасына» кол коюу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. Бул жол картасынын алкагында Стамбул биржасынын жетекчилиги аталган тармак боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.