KGST стейблкоини HTX эл аралык крипто биржасына чыкты

10.02.2026 | 09:52

Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык платформалардын бири — HTX биржасында KGST стейблкоининин расмий листинги өттү. Активдин биржанын соода тутумуна киргизилиши колдонуучуларга бул токенди эркин сатып алууга, сатууга жана башка санариптик валюталарга алмаштырууга мүмкүнчүлүк түздү.

KGST соодасы USDT менен жупташкан споттук рынок форматында уюштурулду. Платформада депозиттерди кабыл алуу 2026-жылдын 9-февралында Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталды. Каражаттарды чыгаруу мүмкүнчүлүгү колдонуучулар үчүн 10-февраль күнү саат 16:30дан тарта ачылат.

KGST стейблкоини BEP-20 стандарты боюнча BNB Smart Chain тармагында чыгарылган. Актив эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө жана санариптик каржы инструменттерин колдонууда туруктуулукту камсыздоого багытталган.

HTX биржасы дүйнө жүзү боюнча 55 миллионго жакын колдонуучуну тейлеп, эл аралык крипто рыноктун лидерлеринин катарына кирет. KGSTнин мындай ири аянтчага чыгышы токендин экотутумун өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп саналат. Бул анын ликвиддүүлүгүн, таанымалдуулугун арттырууга жана эл аралык катышуусун кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүн өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана Президент Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынууда. Өлкөдө инновациялык каржы инструменттерин киргизүү үчүн ченемдик-укуктук база ырааттуу түрдө түзүлүүдө.

КР Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов KGSTнин эл аралык биржада листингден өтүшү мамлекеттин виртуалдык активдердин ачык-айкын жана туруктуу экотутумун түзүү боюнча системалуу ишинин жыйынтыгы болгонун белгиледи. Анын айтымында, дүйнөлүк экономикага интеграцияланган санариптик каржынын улуттук инфратүзүмүн куруу стратегиялык максат болуп саналат.

Scroll to Top