Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Кичи аренанын ачылышы жана жаштар форуму. Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү кечке чейин жабылды
10.11.2025 | 10:06
Бүгүн, 10-ноябрда, Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки участогунда унаа кыймылы убактылуу чектелди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолдун убактылуу жабылышы «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу ири жаштар форумунун өтүшү жана ушул көчөдө жайгашкан чакан аренанын салтанаттуу ачылышы менен байланыштуу.
Шаар бийлиги айдоочулардан алдын ала маршрутту пландап, тыгындарды болтурбоо үчүн альтернативдүү жолдорду пайдаланууну өтүндү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом