Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Кимдер балдарына жөлөк пул ала албайт? (ВИДЕО)
18.02.2022 | 16:59
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жогорку Кеңеште “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында жөлөк пулдарга кирген чектер боюнча айтып берди.
Анын айтуусунда:
- Заводдон чыкканына 20 жыл боло элек жеңил унаа болсо,
- Айыл-чарба техникалары,
- Кичи автобустары,
- Малы болсо чек катары кирет. Жөлөк пул ала алышпайт.
Эгерде малы барлар кандай шартта жөлөк пул ала алат?
- Маселен, үй-бүлөдө ата-энеси жана үч баласы менен беш кишинин 20 койу, 3 уйу, 3 жылкысы барлар жөлөк пул ала алат. Андан бир баш мал көбөйүп кетсе жөлөк пулдан кур-жалак калат.
110 миң үй-бүлөнүн, 230 миң балага жөлөк пул берилет. Бир жылда 4 млрд. 200 миң сом кетет.
Депутаттар айрым маселелер боюнча кызуу талкуулап, кызыл чеке боло кетишти.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар