Кимдер патенти жок иштей алышат? Салык кызматынын жообу

Кимдер патенти жок иштей алышат? Салык кызматынын жообу

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-февралдан тарта патенттин негизинде жүргүзүлгөн иштин 19 түрү кыскартылып, 86дан 67 түр калат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Салык кызматы жалпы курулуш иштери, электр монтаждоо иштери, санитардык-техникалык иштер жана уюлдук байланышка бирдик жүктөө жана иттерди үйрөтүү боюнча кызматтарга патентти жокко чыгарды. Мындан тышкары, тизме жеке эмгек ишмердигинин жаңы түрлөрү менен толукталды.

“I топтогу майыптыгы бар адамдар көрсөтүүчү дарылоочу укалоо кызматына, үйдөн иштеген тигүүчүлөрдүн, визажисттердин, чач тарачтардын, маникюр жана педикюр боюнча адистердин, үйдөгү 100 чарчы метрге чейинки аянттагы жеке мончо кызматтары (аянтына жана жайгашкан жерине жараша), жер бетиндеги унаа кызматы, атайын курулуш иштери, анын ичинде оңдоо иштерине патент төлөө милдети киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.  

Мындан тышкары, иши патенттин негизинде кыскартууга дуушар болгон салык төлөөчүлөр салык төлөөнүн башка режимин тандашы керек. Салыктарды бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) негизинде же жалпы салык режиминде төлөөгө болот. Ошондой эле, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-февралдан тарта патенттин негизинде жүргүзүлгөн иштин 19 түрү кыскартылууда.

Эскерте кетсек,  2023-жылдын 1-январынан тартып патент милдеттүү түрдө электрондук түрдө таризделүүгө тийиш.

Патент төлөнүүчү жеке ишкердиктин түрү кыскарды. Алар кайсылар?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>