Киши өлтүрүп эл аралык издөөдөгү кыргызстандык Москвадан кармалды

13.10.2025 | 20:00

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Москвада 21 жаштагы Б.Ж. аттуу кыргыз жараны кармалды.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, 2023-жылы Ош шаарында 33 жаштагы А.М. аттуу жарандын сөөгү табылган. Шектүү катары Б.Ж. аны өлтүрүүгө шектелип, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон жана эл аралык издөө жарыяланган.

Маалыматка караганда, кармалган жаран Ош шаарынын Касымбекова көчөсүндө маркумду унаага отургузуп кеткен. Алар Кара-Суу районунун Шарк айылына жеткенде чыр-чатак чыгып, шектүү таксистке бир нече жолу бычак сайган. Таксист өзүн куткаруу максатында жакынкы тургундун үйүнө качып барганда, кире беришинде каза болгон.

Шектүү маркумдун “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанына таштап, окуя болгон жерден изин жашырып, чет өлкөгө чыгып кеткен.

Учурда Б.Ж. Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Scroll to Top