Бишкек шаарында «Берекет гранд», «Берекет универсал», «Беш-Сары» жана «Ош базары» соода түйүндөрүнүн митинги өтүп жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге соодаргерлер билдиришти.
Ишкерлер башка соодагерлер сыяктуу эле контролдук-кассалык аппараттарды коюуга каршы болуп, патент менен иштөөнү улантууга уруксат сурап жатышат.
Белгилей кетсек, өткөн жумадан бери Бишкекте жана аймактарда митингдер өтүп жатат. «Кара-Суу» жана «Дордой» базарынын соодагерлери патент системасын калтырууну талап кылса, башка ишкерлер контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршылык билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз