Кыргызстан менен Пакистан соода жүгүртүүнү 200 млн долларга жеткирүүнү пландоодо243 млрд сом кайдан? Бекешев Кыргызстандын 2026-жылкы бюджетин кайра кароо тууралууОш базарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталдыЧикагодо Кыргызстандан чыккандар технологиялык стартаптардын сынагын уюштуруштуКыргызстандагы банктардын кредиттик портфели тогуз айда 29,9%га өстүЧүйдө унаа жолго сапатсыз асфальт төшөлгөн. Ишканага жолду кайра жасоо тапшырылды
Жапаров митингге чыккан соодагерлер менен жолугат
05.12.2023 | 09:41
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн митингге чыккан базарлардын соодагерлери менен жолугат. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
Маалыматка караганда, ишкерлер менен талкуу саат 15.00дө болот.
“Базарларды кыдырганга убакыт жок болуп жатат, бирок кайсы жерге чакырса ошол жерге барам”, – дейт Акылбек Жапаров.
Белгилей кетсек, өткөн жумадан бери Бишкекте жана аймактарда митингдер өтүп жатат. “Кара-Суу” жана “Дордой” базарынын соодагерлери патент системасын калтырууну талап кылса, башка ишкерлер контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршылык билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом