КМШ өлкөлөрү зыянкеч чегирткелер менен күрөшүү боюнча макулдашууга кол коюшту

29-сентябрда Минскиде КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда зыянкеч чегирткелердин көбөйүшүн алдын алуу боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу КМШ интернет-порталында кабарланды.
Макулдашуу КМШ мамлекеттеринде зыянкеч чекирткелердин жайылышын көзөмөлдөө үчүн улуттук санариптик программаларды жана геоинформациялык мониторинг системаларын өнүктүрүүнү, ошондой эле бул зыянкечтерге мониторинг жүргүзгөн жана алар менен күрөшнкө адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташууну карайт.
Аталган документ аймактык жана чек аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, зыянкеч чекирткелердин очокторун азайтууга, фитомониторинг жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча биргелешкен чараларды макулдашууга жана ишке ашырууга, ошондой эле адамдардын жана айлана-чөйрөнүн ден соолугун сактоого багытталган.