Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Кочкордо жер титиреди
05.02.2021 | 14:48
Нарын облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 4-февраль күнү саат 20:59да Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында болгон. Анда очогунда күчү 3,5 баллга жетип, Кочкор районунун Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарында 2,5 балл, Кочкор айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар