Кочкорго Турдакун Усубалиевдин айкели тургузулду

Кочкорго Турдакун Усубалиевдин айкели тургузулду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин Нарын облусунун Кочкор айылында эстелигин ачуу аземине катышып, эстелигине гүл койду. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал өз сөзүндө Усубалиевдин буга чейинки кылган эмгектерине, адамдык сапаттарына токтолду.

“Ардактуу агайын-туугандар!

Урматтуу замандаштар!

Кадырлуу меймандар!

Нечен кылымдарды башынан кечирген кыргыз элинин тарыхында жамы журттун намысын жогору койгон, өзүн күнүмдүк турмуштан жогору туткан, бүткүл өмүрүн өз элинин келечегине арнаган адамдар арбын болгон. Алардын бири – Турдакун Усубалиев. Ошондон улам, өзү туулуп-өскөн Кочкор аймагында эстелигин орнотуп, мамлекеттик жана коомдук ишмер, өмүрү баарыбызга өрнөк болгон адамдын арбагын эскерип отурганыбыздын өзү эле жакшылыктын жышааны деп ойлоймун.

Кыргыз элинин өз заманынын татыктуу, мыкты, сыймыктуу уулу, эң көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык саясий ишмери, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары, үч жолку Ленин орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу, ар бир жасаган иши, ар бир кылган кызматы — баарыбыз үчүн өрнөк! Ал – Мекенге ак кызмат кылуунун бийик үлгүсү. Мына ошондуктан, урматтуу агайын-туугандар, сиздер менен жапатырмак чогулуп жарык маанайда, жакшы саамалыкта жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын.

«Караңгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан» чыгаан адамдар зарыл болуп турган азыркы учурда, Турдакун Усубалиев сындуу ири саясий ишмерлердин көзүнүн жоктугу таасын сезилип турат. Биздин алдыбызда анын өрнөктүү өмүрүн пир тутуп, мол тажрыйбасынан сабак алуу, татыктуу пайдалануу милдети турат.

Кезинде Турдакун Усубалиевич турмуштун далай ачуу-таттуусун өз башынан кечирди. Тагдырдын далай катаал соккусуна туруштук берди. Бизге талыкпас эмгеги менен эле эмес, тазалыгы жана жөнөкөйлүгү менен да эл үчүн кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөттү. Ал абийирдүүлүк менен иштеп, өмүрүнүн акырына чейин аброй топтоду, кадыр-барк күттү, нарктуу жашады. Мындай жалпы элдик сый-урмат баардык эле жетекчинин шыбагасына туш келе бербес.

Чейрек кылым Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары болуп иштеди, СССР Жогорку Советине 5 жолу, Кыргыз ССР Жогорку Советине 6 жолу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланды. Ошол мезгил аралыгында Кыргызстанда жаралган көптөгөн жаңы саамалыктар, жакшы жөрөлгөлөр анын ысымы менен тыгыз байланышкан.

Маселен, Турдакун Усубалиевдин жетекчилиги астында Кыргызстан агрардык өлкөдөн индустриалдык-агрардык республикага чейин өсүп жетилди. Ушул мезгилде Кыргызстанда көптөгөн ГЭСтер салынды, завод-фабрикалар, социалдык жана маданий жайлар курулду, жаңы жерлер өздөштүрүлүп, айыл чарбасы ырааттуу өнүктү. Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы, анын тегерегиндеги ажайып имараттар, калаа четиндеги жүз миңдеген калк жашай турган кичи райондор да анын жеке көзөмөлү менен курулган. Ошондон улам, эл оозунда “ордо калаанын башкы архитектору” деген образдуу ысым ыйгарылып, тарыхта калды.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдары да эл ишенимине ээ болуп, кыргыз парламентинин жаңы шартта, жаңы нукта калыптануусуна жана анын андан ары өнүгүшүнө барандуу салым кошуп келди. Айрыкча өлкөнүн жаратылыш байлыктарын, анын ичинде суу ресурсун сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу жаатында жигердүү аракеттерди жасап, Суу кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу демилгесинин башында турду. Ал азыр дагы өз маанисин жоготкон жок.

Ошону менен бирге, Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеп турган маалда Теӊир-Тоонун бермети Соң-Көлдү соолуп калуудан сактоо, башынан кыргыз жергесин кайып аккан Сары-Жаз менен Каркыра дарыяларынын суусун Ысык-Көлгө буруу, Сары-Жаз дарыясына ГЭС каскадын куруу сындуу ири долбоорлор иштелип чыкканын жакшы билебиз.

 

Ал киши ак ниет, адал эмгек менен кылымга тете жашап өттү десек жаңылышпайбыз. Майдачылыктан өйдө турду, кандайдыр бир ич күйдүүлүктөн, көрө албастыктан оолак болду. Бийликтин бийик сересинде турса дагы өз даражасына манчыркабады. Бийлик мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышып, өз көмөчүнө күл тартууга, өз кызыкчылыгынын артынан кубалап, байлык топтоого, көр дүнүйө чогултууга азгырылган жок. Кыргызстан деген жүрөгүн жана элдик, ыйык, улуу мүдөөлөрдү эч нерсеге алмаштырбай жашап өттү.

Ошондон улам, ал кишинин Кыргызстандын өнүгүшүнө сиңирген эмгегин эскерип, ага тургузулган эстеликтин ачылышына келген бардык жарандарыбызга чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет.

Турдакун Усубалиев сындуу кыргыз элинин чыгаан уулдарын такай эскерип туруу ал кишилердин жеке туугандары, жек-жааты үчүн эле эмес, жалпы эл-журт, жаңы муун үчүн өтө маанилүү. Ал кишинин өтөлгөлүү өмүрү менен өрнөктүү ишинен ала турган сабагыбыз али арбын.

Турдакун Усубалиевич өмүр бою жакшы адам бойдон калды. Ал баарыбызды суктандырган наркын сактап, сынын бузган жок. Турдакун Усубалиевич – бийлик менен дөөлөттү көтөрө билген, сабырдуу, абийирин таза туткан, эң жөнөкөй инсан эле.

Дагы бир жолу, урматтуу Турдакун Усубалиевич, Сизге башыбызды ийип таазим этебиз.

Элибизде Сиздей улуу инсандар арбын болсун! Өлкөбүз туруктуу өнүгүп, мамлекетибиз күчтүү болсун!

Көңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат!”- деп сүйлөгөн.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>