Көчмөндөр оюндары: Финалда казакстандык оюнчу кыргызстандык улакчыны камчы менен урду (видео)

12.09.2024 | 13:44

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Казакстандын көкпар курамаларынын финалында казакстандык спортчу кыргызстандык улакчыны камчы менен уруп, оюн 40 мүнөттөн ашык убакытка токтотулду.

Оюн бүгүн, 12-сентябрда Астанадагы “Казанат” ат майданында өтүүдө. Беттештин биринчи бөлүгүндө Кыргызстан 3:1 эсебинде алдыга чыкты.

Оюндагы биринчи салымды 2-мүнөттө Казакстан салып, эсеп 1:0 болду. 6-мүнөттө кыргызстандык улакчылар эсепти теңеп, 1:1 кылды. Андан кийин 9 жана 13-мүнөттө кыргызстандык көк бөрүчүлөр дагы эки салым салып, алдыга чыкты. Үчүнчү салымды Кубанчбек Султан уулу салгандан кийин аны №10 казакстандык улакчы Улан Байтөрөев камчы менен уруп кетти. Ошондон кийин оюн талаасы кымгуут боло түшүп, биринчи бөлүктүн аякташына 6-мүнөттөй калганда оюн токтотулду. 40 мүнөттөн ашык токтоп тургандан кийин оюн кайра жанданды.

Кубанычбек Султан уулуну камчы менен урган Улан Байтөрөевге сары айып кагаз көрсөтүлүп, 2-мүнөткө жаза мамыга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, оюндун жүрүшүндө калыс казакстандык оюнчулардын эреже бузууларын көз жаздымда калтырып жатты.

Беттештин биринчи бөлүгү 3:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Scroll to Top