Көк бөрү: Финалда “Ынтымак” менен “Сары-Өзөн” мөөрөй талашат

08.05.2024 | 09:50

Көк бөрү боюнча “Жеңиш кубогу” мелдешинин финалына чыккан командалар аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 9-Май – Улуу Жеңиш күнүнө карата улуттук ат оюндары, анын ичинде улак тартыш боюнча Чолпон-Атадагы ай майданда өтүүдө.

Көк бөрүдөн финалга жогорку лигадан “Ынтымак” менен “Сары-Өзөн”  командалары, биринчи лигадан “Талас” менен “Ысык-Ата” чыкты. Ошондой эле, экинчи лигадан “Казарман” менен “Толук”, легендалар лигасынан “Манас-Талас” менен “Талас” командалары финалда күч сынаша турган болду. Алардын беттештери 9-майда өтөт.

8-майда боло турган оюндардын программасы:

Экинчи лига:

– 09:00 – “Бүркүт” – “Бийиктик” (3-орун үчүн);

– 10:00 – “Казарман” – “Толук” (финал);

Легендалар лигасы (40 жаш):

– 12:30 – “Сары-Өзөн” – “Биримдик Ысык-Көл” (3-орун үчүн);

– 13:35 – “Манас-Талас” – “Талас” (финал).

Биринчи лига:

– 14:40 – “Кара-Кулжа” – “Алтын-Альянс” (3-орун үчүн);

Жогорку лига:

– 15:45 – “Мурас” – “Ийгилик” (5-орун үчүн);

– 16:50 – “Достук” – “Намыс” (3-орун үчүн).

Оюндарды УТРК Спорт телеканалынан түз ободо көрсөңүздөр болот.

Scroll to Top