Көк бөрү: Финалда «Ынтымак» менен «Сары-Өзөн» мөөрөй талашат

Көк бөрү: Финалда «Ынтымак» менен «Сары-Өзөн» мөөрөй талашат

Көк бөрү боюнча “Жеңиш кубогу” мелдешинин финалына чыккан командалар аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 9-Май — Улуу Жеңиш күнүнө карата улуттук ат оюндары, анын ичинде улак тартыш боюнча Чолпон-Атадагы ай майданда өтүүдө.

Көк бөрүдөн финалга жогорку лигадан «Ынтымак» менен «Сары-Өзөн»  командалары, биринчи лигадан «Талас» менен «Ысык-Ата» чыкты. Ошондой эле, экинчи лигадан «Казарман» менен «Толук», легендалар лигасынан «Манас-Талас» менен «Талас» командалары финалда күч сынаша турган болду. Алардын беттештери 9-майда өтөт.

8-майда боло турган оюндардын программасы:

Экинчи лига:

— 09:00 — «Бүркүт» — «Бийиктик» (3-орун үчүн);

— 10:00 — «Казарман» — «Толук» (финал);

Легендалар лигасы (40 жаш):

— 12:30 — «Сары-Өзөн» — «Биримдик Ысык-Көл» (3-орун үчүн);

— 13:35 — «Манас-Талас» — «Талас» (финал).

Биринчи лига:

— 14:40 — «Кара-Кулжа» — «Алтын-Альянс» (3-орун үчүн);

Жогорку лига:

— 15:45 — «Мурас» — «Ийгилик» (5-орун үчүн);

— 16:50 — «Достук» — «Намыс» (3-орун үчүн).

Оюндарды УТРК Спорт телеканалынан түз ободо көрсөңүздөр болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>