ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Көк бөрү: “Жеңиш кубогу” мелдешинде «Ынтымак» жеңүүчү болду
10.05.2024 | 10:32
Көк бөрү боюнча “Жеңиш кубогу” мелдешинде жогорку лигада «Ынтымак» командасы жеңүүчү болду.
Финалда «Ынтымак» командасы «Сары-Өзөн» менен беттешип, атаандаштарын 4:2 эсебинде жеңди.
Ал эми бул турнирде үчүнчү орунду “Достук” алды. Аталган команда коло байге үчүн “Намыс” командасы менен ойноп, тең тайлашкан беттеште буллиттер сериясында жеңүүчү болду: беттеш 5:5 эсебинде аяктап, “Достук” буллитте 3:2 эсебинде жеңишке жетти.