Командалык спорттун түрлөрүнө жыл соңуна чейин тыюу салынсын. Жашоочулардын кайрылуусу

Командалык спорттун түрлөрүнө жыл соңуна чейин тыюу салынсын. Жашоочулардын кайрылуусу

Бишкектеги спорт борборлорунун жанында жашаган жашоочулар катнаш боло турган командалык жана жамааттык спорттун түрлөрүнө жылдын аягына чейин тыюу салуу сунушун киргизишти.

Шаар тургундары “Репортерго” билдиргендей, аталган спорттун түрлөрүндөгү машыгууларда, коронавирустун жайылуу тобокелдиги жогору.

«Жекеме-жеке  күрөшүү, футбол талаалары, баскетболдук  жана волейболдук аянтчалар сыяктуу спорттун ар кандай  түрлөрү боюнча спорттук залдар эл жашоочу үйлөр менен жашоо кварталдарына жакын жайгашкан. Студенттер менен окуучулар  каникул мезгилинде сөзсүз түрдө спорттук көнүгүүлөрдүн түрлөрүнө барышып, эпидемиянын  жайылуу коркунучун көбөйтөт. Алар коронавирустан улам аралыктан окууга кое берилген. Тийиштүү жактардан бул маселени карап  чыгууну өтүнөбүз», — деп жазылат жашоочулардын кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен 25-майдан баштап спорт залдары, машыгуу залдары, фитнес-клубдар жана бассейндер ишин жанданткан.

Шаар башкармалыгы катнаш  боло турган жамааттык спорттун түрлөрүнүн иштөөсүнө салынган тыюу күчүндө экенин кошумчалаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>