ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Коммерциялык банкка 21,6 млн сом айып пул салды
10.12.2025 | 11:01

Кыргызстандын Улуттук банкы 5-декабрда коммерциялык банктардын бирине 21 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айып пул банкка кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча мыйзамдын талаптарын жана ички контролдоо системасын уюштуруу талаптарын бузгандыгы үчүн салынган.
Аталган банктын аты-жөнү ачыкталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика