Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды
10.12.2025 | 10:30
Бүгүн, 10-декабрда, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Көчкү жолдун 76-81-82-чакырымдар аралыгына 6 жерден түшкөн. Азыркы тапта аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.
Мындан тышкары Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда бороон болууда.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом