ЖККУ Беларуста биологиялык коркунучтардан коргонуу боюнча «Барьер-2026» машыгууларын өткөрөтЧүй облусунда эки жаранды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, төрт адам кармалдыТокмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев абактан чыгарылып, иши кайра кароого жөнөтүлдүАдылбек Касымалиев Бишкектеги Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курууну тапшырдыАла-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылдыДастан Бекешев мопеддерге коюлган жаңы талаптардан улам курьерлердин массалык жумушсуз калуу коркунучун эскертти
Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жок
17.02.2026 | 18:15
Кыргызстандын Конституциялык соту өлкөдө президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрулбөй турганын билдирди. Соттун чечимине ылайык, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында (январдын төртүнчү жекшембисинде) өтүшү керек.

Бүгүн, 17-февралда, Конституциялык сот өлкө башчы Садыр Жапаровдун кайрылуусунун негизинде Баш мыйзамдын айрым ченемдерине расмий түшүндүрмө берүү тууралуу чечимин жарыялады. Ошондой эле президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жана кезектеги шайлоо боюнча түшүндүрмө берди.
Ага ылайык:
- 2021-жылдын 28-январында 2010-жылдагы Конституциянын негизинде шайланган президенттин алты жылдык мандаты өзгөртүүсүз сакталат. 2021-жылдагы Конституцияда белгиленген беш жылдык мөөнөт учурдагы мандатка жайылтылбайт. Конституциялык сот мөөнөттү артка карай кыскартуу укуктук аныктуулук принцибине каршы келерин белгиледи.
- Учурдагы алты жылдык мөөнөт 2021-жылдагы Конституциянын «бир эле адам эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт» деген эрежесинин алкагында «биринчи мөөнөт» катары эсептелет.
- «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамдагы өткөөл жоболор референдум аркылуу кабыл алынгандыктан, алар Конституциянын тексти менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
- Президенттин мөөнөтү боюнча коомдук талкуулар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө негиз боло албайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо Конституциянын 72-беренесинде көрсөтүлгөн учурларда гана (отставка, кызматтан четтетүү, оорусуна байланыштуу же каза болгондо) мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Жапаров Садыр, Кыргызстан