«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндөАрабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттүКоомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайттыБишкектин 9 жана 10-кичи райондорунда 10-ноябрда суу болбойтКыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча меморандумга кол коюштуАксыда жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча иш козголду
Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жок
17.02.2026 | 18:15
Кыргызстандын Конституциялык соту өлкөдө президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрулбөй турганын билдирди. Соттун чечимине ылайык, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында (январдын төртүнчү жекшембисинде) өтүшү керек.

Бүгүн, 17-февралда, Конституциялык сот өлкө башчы Садыр Жапаровдун кайрылуусунун негизинде Баш мыйзамдын айрым ченемдерине расмий түшүндүрмө берүү тууралуу чечимин жарыялады. Ошондой эле президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жана кезектеги шайлоо боюнча түшүндүрмө берди.
Ага ылайык:
- 2021-жылдын 28-январында 2010-жылдагы Конституциянын негизинде шайланган президенттин алты жылдык мандаты өзгөртүүсүз сакталат. 2021-жылдагы Конституцияда белгиленген беш жылдык мөөнөт учурдагы мандатка жайылтылбайт. Конституциялык сот мөөнөттү артка карай кыскартуу укуктук аныктуулук принцибине каршы келерин белгиледи.
- Учурдагы алты жылдык мөөнөт 2021-жылдагы Конституциянын «бир эле адам эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт» деген эрежесинин алкагында «биринчи мөөнөт» катары эсептелет.
- «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамдагы өткөөл жоболор референдум аркылуу кабыл алынгандыктан, алар Конституциянын тексти менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
- Президенттин мөөнөтү боюнча коомдук талкуулар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө негиз боло албайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо Конституциянын 72-беренесинде көрсөтүлгөн учурларда гана (отставка, кызматтан четтетүү, оорусуна байланыштуу же каза болгондо) мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Жапаров Садыр, Кыргызстан