«Коопсуз шаар»: Айыппул төлөбөгөн айдоочулардын унаалары атайын жайга токтотулат

«Коопсуз шаар»: Айыппул төлөбөгөн айдоочулардын унаалары атайын жайга токтотулат

Бишкек шаары боюнча кайгуул милиция инспекторлору жолдордо коопсуздукту камсыздоо максатында жол кыймыл эрежелерин бузууну алдын-алуу жана токтотуу профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшөт. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

Анда төмөнкү документтерди текшерүү жүргүзүлөт:
инсандын күбөлүгү;
иштеген, жашаган жеринен маалымкат;
маршруттук баракча;
айдоочунун күбөлүгү;
унаа документтери;
адистик өткөрмө.

Текшерүүлөр “Коопсуз шаар» боюнча төлөнбөгөн айыптарга жүргүзүлөт, өчөшүп төлөбөй жүргөндөрдүн автоунаалары айып төлөнүүчү жайга токтотулат.

Белгилей кетсек, айрым айдоочулар карантиндик аймактарда кыянаттык кылышууда, алар жарандарды ооруканага алып баруу, же пенсионерлерге азык-түлүк жеткирүү шылтоосу менен өздөрүнүн жеке иштери менен жүрүшүүдө. Ошондой эле, жарандар санитардык-карандинтик постдордун кесилиштеринен ыктыярчыларга жамынышып — бардык сактоого тийиш болгон жол кыймылынын эрежелерин сактабаган фактылар бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>