Кооптуу кесилиштер: депутат мектептердин жанына светофор коюуну талап кылды

Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында депутат Гүлназ Халилова мектептер менен бала бакчалардын жанындагы кесилиштерге светофор орнотууну талап кылды. Ал өз сөзүндө Чүй проспектиси менен Разин көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан №52 мектепти мисал катары келтирди.
Анын айтымында, өткөн жылы дал ошол жерде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир аял каза болуп, баласы аман калган.
«Комиссия чогулган учурда мэриянын бардык тиешелүү бөлүмдөрү бул кесилишке жол чырак орнотуу керектигин айтышкан. Бирок кийинчерээк “бюджетте каражат жок” деген жооп келген. Менин чоң өтүнүчүм — мектептердин жана бала бакчалардын жанындагы кооптуу кесилиштерге светофор коюп бергиле. “Бюджет жок” деген жүйө болбошу керек. Анткени ал жерде биздин балдарыбыз жүрөт. Биз алардын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек», — деди депутат.
Мындан сырткары, Гүлназ Халилова шаарга жакын жайгашкан Восток айылынын Калинин көчөсүнө да светофор орнотуу зарылдыгын кошумчалады.
Депутат бул маселеге мэрия жана тиешелүү кызматтар өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи.