Москвада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырдыКыргызстанда климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам сунушталдыБишкектин батыш бөлүгүндө 7-апрелде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт: аймактардын тизмесиАдылбек Касымалиев дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды
19.05.2022 | 08:52
Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-майда саат 16:40 чамасында милицияга Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыз өзүн таштоого аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, боюн таштоого аракет кылган 2004-жылы туулган Б.Э., аттуу кыздык куткарышкан.
“Кыз үй-бүлөлүк чырдан улам мындай кадамга баргандыгын айтты. Азыркы учурда андан ары тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн кызды Ленин райондук ИИБне жеткиришүүдө”, – деп айтылат маалыматта.