Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Кореяда кыргызстандыктар ири суммага алданып калышкан
16.08.2024 | 11:32
Кореяда иштеген Кыргызстандын үч жараны 1,3 миллион доллардан ашык суммага алданып калышкан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Алар унаа, телефон жана башка товарларды экспорттоп келишкен. Башка өлкөнүн жаранынын сөзүнө ишенип, акчаны криптавалюталык тутуму аркылуу которушуп, куру кол калышкан.
Мекендештер убагында укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Учурда бирөөсү гана Анян шаарынын полициясына арыз жазды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом