Бишкекте мамлекетке 182 миллион сомдук бала бакча кайтарылдыУлууларга урмат-сый жана камкордук ар бир үй-бүлөдө болушу керек — КР Мамлекеттик катчысыБишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелип эки чет өлкөлүк жаран кармалдыАИ-92ге берилген субсидия айдоочуга айына 4,6 миң сомдон ашык үнөмдөөгө мүмкүндүк берет — Экономика министрлигиИИ-агенттер Канаданын өкмөтүнүн сайтына кирүүгө аракет кылышканОш шаарында 1 миң 200 орундуу чоң мектеп курулду
Кыргызстанда унааны кайра каттоодо ОСАГО алуу милдеттүү болуп калды
16.08.2024 | 12:21
Кыргызстанда машинаны кайра каттоодо унаанын милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) болушу керек. Тиешелүү токтом өкмөт тарабынан 9-августта кабыл алынганын “Акчабар” жазды.
ОСАГО унаа ээсине жол кырсыгы болгондо, чыгымдарды жабууга жардам берет. Эгер ОСАГОсу бар айдоочу жол кырсыгына күнөөлүү болуп чыкса, камсыздандыруу компаниясы жабыркагандардын унаасын оңдоого, дарылануусуна кеткен чыгымдарды төлөп берет.
Белгилүү болгондой, 2025-жылдан тарта Кыргызстанда ОСАГО бардык айдоочулар үчүн милдеттүү болуп калат. Ал эми башка өлкөнүн жарандары үчүн бул норма 2023-жылдын апрель айынан бери иштейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом