Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону аталган Злата Аркатова жана анын машыктыруучулары менен жолугушту.
Адылбек Касымалиев Златанын дүйнө чемпионатында жеңип алган алтын медалын тарыхый жеңиш катары сыпаттап, бул окуя Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.
“Жеңишиң менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө даңазаладың. Кыргызстандын желегин бийик желбиретип, гимнди дүйнөлүк аренада жаңырттың. Өзүңдүн чеберчилигиң, талантың жана эркиң менен кыргыз гимнастикасынын дүйнөлүк аренада жогорку сыйлыктарга татыктуу экенин
далилдедиң”, — деди Министрлер кабинетинин башчысы.
Жолугушууга көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова, машыктыруучулар Жаңыл Каймазарова жана Гүлнар Мамыркулова да катышты. Адылбек Касымалиев Златанын ийгилигине машыктыруучулардын жана федерациянын чоң салымы бар экенин баса белгиледи.
“Бүгүнкү ийгилик командалык иштин, талыкпаган эмгектин жана жогорку кесипкөйлүктүн жыйынтыгы”, — деди ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө төрага Злата Аркатовагажана анын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктардын сертификаттарын тапшырды.