Коронавирус. Баткен облусунда бир катар чектөөлөр киргизилди

Коронавирус. Баткен облусунда бир катар чектөөлөр киргизилди

Баткен облусунун аймагында коронавирус оорусуна байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан, облустук штабдын чечими менен дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу штабдан билдиришти. 

— 28-сентябрдан тарта облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттордун каттамы убактылуу токтотулду.

— Мал базарлардын иши убактылуу токтотулду.

Мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду, күндөлүк беш убак жана жума намаздарын үй шартында окуу сунушталат.

Облуска катуу көзөмөлдөгү беткап режими киргизилди.

— Баткен облусунун аймагына, чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан жана Тажикстандын жарандарын, акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен киргизүү чечими кабыл алынды.

— Базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү, баш ийбегендерге чара көрүү боюнча район, шаар башчылары милдеттендирилди.

— Ошондой эле шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүдө, партиялардын санитардык эрежелерди, маска режимин, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү, ал эми белгиленген талаптарды бузгандарга чара көрүү тапшырмасы берилди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>