Кыргызстандын Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө мамлекеттик штабы учурдагы кырдаал боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан келишкен.
Бириккен Араб Эмирлигинин Саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ, 17-март күнү өлкөдө 15 коронавирус катталганын жана ооругандардын жалпы саны 113кө жеткенин билдирген. Вирусту жуктуруп алгандардын ичинде Кыргызстандын дагы жарандары бар экени аныкталган.