Саламаттыкты сактоо министри: Сузакта коронавирус жуктуруп алгандардын үчөө тең эркектер

Саламаттыкты сактоо министри: Сузакта коронавирус жуктуруп алгандардын үчөө тең эркектер

Кыргызстандын Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Өкмөт Үйүндө өтүп жаткан брифингде саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев тастыктады.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы бүгүн түнү Бишкектен чыкты. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен. Алар ал жакка кичи ажылыкка барып келишкен.

«Умрага ажылык сапарына баргандардын бардыгы үй шартында дарыгерлердин көрсөтмөсү менен карантинде кармалууда. Алардан кайра-кайра тест алынууда. Учурда коронавирус жуктуруп алгандардын үчөө тең эркектер», — деп билдирди министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>