Кыргызстанда 65 жаштан уулу, боюнда бар аялдар жана кичинекей балдары бар медициналык кызматкерлер коронавирусун жуктуруу тобокелчилигин алдын алуу максатында акчасы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27- мартта брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган.