Коронавируска каршы күрөштө салым кошкондор сыйланат

Коронавируска каршы күрөштө салым кошкондор сыйланат

Президент коронавирус инфекциясы менен күрөшкө кошкон салымы үчүн бир катар жарандарды сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-августта президент Сооронбай Жээнбеков, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Анда коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү менен айырмалангандарды сыйлоо каралган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>