Соңку сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Алар төмөнкү аймактарда:
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан — 1 (65 жаштагы эркек);
Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (74 жаштагы эркек).
Муну менен өлкөдө жалпы каза болгондордун саны 78 кишиге жетти.