Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы мамлекеттик «Кадастр»ишканасынын директору коррупцияга шектелип кармалгандыгын кабарлады.
УКМК тарабынан Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» ишканасынын аймактагы бөлүмдөрүнөн дайым акча чогултулуп турган коррупциялык схема аныкталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ага «Кадастр» ишканасынын директору М.А.Т. аттуу адамдын тиешеси бар экендиги аныкталган.
Чогултулган материалдардын алкагында 2-декабрда аталган адам кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Белгилей кестек, «Кадастрдын» жетекчиси Маматов Абдумуктар Темирбекович