КОСУда робототехника жана учкучсуз тутумдар боюнча заманбап лаборатория ачылды
Кыргыз-Орус Славян университетинде (КОСУ) робототехника жана учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) боюнча окуу лабораториясы ишин баштады. Жаңы аянтчанын бет ачары окуу жайдын камкорчулар кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.
Долбоор Россиянын «Геоскан» компаниясы менен биргеликте Улуу Пётр атындагы Санкт-Петербург политехникалык университетинин катышуусунда ишке ашырылды. Лаборатория жаңы муундун инженерлерин даярдоочу негизги борборго айланууга тийиш. Бул жерде студенттер учкучсуз авиация жана робототехника тармагында колдонмо чечимдерди иштеп чыгуу жана өздөрүнүн долбоорлорун ишке ашыруу менен алектене алышат.
Мындай базанын түзүлүшү өнөр жайга, логистикага, айыл чарбасына, экологияга жана коопсуздук чөйрөсүнө робототехниканын жигердүү киргизилиши менен шартталган. КОСУдан белгилешкендей, Кыргызстанга даяр санариптик чечимдерди гана колдонбостон, өздөрүнүн тутумдарын иштеп чыгууга жөндөмдүү квалификациялуу адистер керек.
Кызматташтыктын алкагында университет толук жабдылган мейкиндикке жана даяр билим берүү моделине ээ болду. Студенттер менен окутуучуларга төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берилди:
- заманбап адистештирилген техникага;
- лабораториялык базага жана программалык камсыздоого;
- өнөктөш компаниялардагы практика жана стажировка программаларына.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, лабораториянын ишке кириши инженердик кадрларды даярдоо потенциалын кыйла жогорулатууга жана Кыргызстанда артыкчылыктуу технологиялык багыттар боюнча өз алдынча мектепти калыптандырууга мүмкүндүк берет.