Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Кримтөбөл “Женгонун” кылмыштуу тобундагы эки адам кармалды (видео)
07.02.2023 | 15:42
“Женго” каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, кармалгандар күч көрсөтүп зомбулук кылабыз деп коркутуп, Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 доллар акча талап кылышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда шектүүлөр УКМКнын Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынган.
УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан болгон мыйзам бузуу фактылары боюнча кабар берүүгө чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз