Министр Кудайберген Базарбаев коронавирус жуктуруп алды

Министр Кудайберген Базарбаев коронавирус жуктуруп алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында анын орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Кудайберген Базарбаев комитеттин отурумунда Кыргызстан менен эл аралык уюмдардын бири менен түзүлө турган макулдашуунун долбоорун тааныштырмак. Бирок коронавирус жуктуруп алгандыктан жыйынга келбей калган.

Анын ордуна отурумга министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев келген.

«Ал киши (Кудайберген Базарбаев – ред.) коронавирус болуп ооруп жатат. Азыр министрдин милдетин аткаруучу келди (Нурдөөлөт Базарбаев — ред.)», — деди ал.

Андан кийин сөздү депутат Данияр Төлөнөв алып, эл өкүлдөрүнө министр ооруп жатканы тууралуу кабарланганын айтты.

«Бизге кабар келди. Министр Москвага барып келгенден кийин коронавирус жуктурганы аныкталып, ооруканада жатыптыр», — деди  ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>