«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору болуп Эмил Куданалиев дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин ал аталган компаниянын башкы директорунун биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.