Кульцентр–Кичи-Алай жолунда сел жүрүп, жол жабылды

19.05.2025 | 12:14

Бүгүн, 19-майда таңкы саат 05:00дөр чамасында катуу жааган жамгырдан улам Ош облусундагы Кульцентр–Кичи-Алай унаа жолунун 14-чакырымында сел жүрүп, каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Учурда №21 Жол тейлөө ишканасы тарабынан сел түшкөн тилкени тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Кошумча маалыматтар берилет.

Scroll to Top