Бүгүн, 19-майда таңкы саат 05:00дөр чамасында катуу жааган жамгырдан улам Ош облусундагы Кульцентр–Кичи-Алай унаа жолунун 14-чакырымында сел жүрүп, каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Учурда №21 Жол тейлөө ишканасы тарабынан сел түшкөн тилкени тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Кошумча маалыматтар берилет.